Жээнбек Кулубаев Стамбулдагы ТМУ катчылыгынын кеңсесине барды

Коом 22 июнь 2025 13:50
1000242580.jpg
1000242578.jpg
1000242549.jpg
1000242582.jpg
Алдыга
Артка
1000242580.jpg
1000242578.jpg
1000242549.jpg
1000242582.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек 22.06.25 /Кабар/. 20-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) учурдагы төрагалык кылуучу тарап катары Стамбулдагы ТМУ катчылыгынын кеңсесине барды.

ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ошондой эле катчылыктын кызматкерлери менен Түрк мамлекеттер уюмунун алдында турган актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрүлдү.

Жээнбек Кулубаев уюмдун максаттарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ТМУнун туруктуу аткаруучу органынын негизги маанисин белгилеп, ТМУ мамлекет башчыларынын чечимдерин, анын ичинде Бишкек декларациясын өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууга чакырды.

Башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев министрге катчылыктын учурдагы ишмердүүлүгү жана ТМУнун алдыдагы иш-чараларына даярдыктар тууралуу кеңири маалымат берди.