Жээнбек Кулубаев Словения ТИМнин мамкатчысы Марко Штуцин менен жолугушту

Саясат Загрузка... 06 Март 2025 15:50
6c573fee-298d-34b2-ab58-c5684e6c319b.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кезектеги саясий консультацияларды өткөрүү үчүн Бишкекке келген Словениянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Марко Штуцинди кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода, инвестиция жана транспорт сыяктуу негизги тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы байланышты чыңдоонун маанилүү багыты боло ала турган тоо туризмин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын аймагындагы инфраструктуралык долбоорлорго кеңири токтолуп, словениялык компанияларды аларды ишке ашырууга катышууга чакырды.

Ал ошондой эле словениялык тарапты «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу» эл аралык конференциясына, Ысык-Көлдөгү Бүткүл дүйнөлүк тоо жаштарынын фестивалына, ошондой эле 2027-жылы өтүүчү «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.