Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Кулубаев Ермекбаевди жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан ШКУнун алкагында ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Кулубаев Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында алдыга жылдыруу үчүн негизги артыкчылыктарын жана демилгелерин айтты.
Өз кезегинде ШКУнун башкы катчысы Ермекбаев кыргыз тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү процессинин ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.
Ошондой эле ал ШКУнун катчылыгы коюлган милдеттерди жана Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууларды ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Ал учурдагы артыкчылыктар, жакынкы мезгилге карата иш пландары жана ШКУнун алкагындагы Тышкы иштер министрлер кеңеши, Мамлекет башчыларынын кеңеши жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) кеңеши сыяктуу негизги иш-чараларга даярдык көрүү жөнүндө да маалымат берди.
Маалымат катары: ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 2024-жылдын 4-июлундагы чечимине ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып Нурлан Ермекбаев ШКУнун жаңы башкы катчысы болуп дайындалды.