Жээнбек Кулубаев ШКУ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйынына катышты — Кабар

Жээнбек Кулубаев ШКУ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Саясат 15 июль 2025 10:30
518342297_1148079664022209_2142335608541068801_n.jpg
518340690_1148079830688859_7389235067669983336_n.jpg
518816638_1148079984022177_6670076539020627702_n.jpg
518352840_1148079827355526_7392654153783670365_n.jpg
519940094_1148079880688854_5241955188897466386_n.jpg
520199620_1148079837355525_3545832446791038560_n.jpg
520641218_1148079710688871_8828246558228813150_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пекин шаарында Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен болгон коллегиялык жыйынына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.

Жолугушууда Си Цзиньпин ШКУнун алкагында өз ара ишенимди жана тилектештикти чыңдоонун стратегиялык маанисин белгилеп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аймактагы тынчтык, стабилдүүлүк жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында Кытайдын биргелешкен демилгелерди илгерилетүү ниети бар экенин билдирди.

КЭР төрагасы өз сөзүндө 2024-2025-жылдары ШКУдагы кытай төрагалыгынын артыкчылыктарына жана жыйынтыктарына өзгөчө көңүл буруп, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө координацияны тереңдетүү маселесин өзгөчө белгиледи.

Жолугушууга ошондой эле Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстанжана Өзбекстандын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары катышты.