Адылбек Касымалиев Египеттин премьер-министринин орун басары менен жолугушту — Кабар

Адылбек Касымалиев Египеттин премьер-министринин орун басары менен жолугушту

Саясат 1 сентябрь 2026 15:10
Адылбек Касымалиев Египеттин премьер-министринин орун басары менен жолугушту

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Египеттин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса менен жолугушту.

Жогорку конокту тосуп жатып, Адылбек Касымалиев анын сапары кыргыз-египет мамилерин чыңдоо үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин жана соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошорун баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Египеттин Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш катары катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев Кыргызстан ШКУнун алкагында Египет менен өз ара аракеттенүүгө чоң маани берерин белгиледи. Бул уюмдун эл аралык деңгээлин кеңейтүүгө жана Борбор Азия, араб дүйнөсү менен Африканын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Саясий кызматташтыктын контекстинде министрлер кабинетинин төрагасы 2025-жылдын ноябрында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Египетке болгон расмий сапарынын жыйынтыгын канааттануу менен эстеди. Ал сапар эки тараптуу мамилелерге күчтүү түрткү берип, аларды сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрдү.

Диалогдун активдешүүсүн ачык далили катары Кыргыз Республикасынын Каирдеги Элчилигинин ачылышы болду.

"Биздин эң маанилүү милдетибиз – мамлекет башчыларыбыздын берген кызматташтыктын темпин сактоо, өкмөттөр аралык байланыштарды активдештирүүгө жана биргелешкен практикалык кадамдарга басым жасоо", - деп билдирди Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Египеттин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга биринчи сапары менен келгени чоң сыймык экенин белгиледи.

Ал Кыргызстандын жетекчилигин жана элинин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү, Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы менен куттуктады. Египеттин премьер-министринин орун басары Египет тарап саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экенин тастыктады.