Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келди — Кабар

Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келди

Саясат 31 август 2026 18:10
6a956ed975b6e.jpeg
6a956eeec20e2.jpeg
6a956ee65196c.jpeg
6a956ee1a2d63.jpeg
6a956fbab357f.jpeg
6a956fb64313c.jpeg
6a956faabe09a.jpeg
Алдыга
Артка
6a956ed975b6e.jpeg
6a956eeec20e2.jpeg
6a956ee65196c.jpeg
6a956ee1a2d63.jpeg
6a956fbab357f.jpeg
6a956fb64313c.jpeg
6a956faabe09a.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келди. 

“Манас” эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Владимир Путин ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Россия президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.