Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. 30-августунан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.
Бишкек шаарында айрым жол тилкелеринде, анын ичинде “Манас” эл аралык аэропортунан баштап, Манас көчөсү (мурдагы Васильевский тракт жана Фучик), Жусуп Абдрахманов, Байтик баатыр, Жайыл баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилериндеги каттамдарга киргизилет.
Ал эми Чүй облусундагы чектөөлөр иш-чаралардын өткөрүлүшүнө жараша айрым унаа жолдорунда киргизилет.
Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы чектөөлөр айрым жол тилкелеринде, анын ичинде “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында, ошондой эле Кырчын капчыгайына алып баруучу жолдо киргизилет.