Кант – АБЗ жолунда унаа кыймылы чектелет. Себеби

Аймак
Кант – АБЗ жолунда унаа кыймылы чектелет. Себеби

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Кант – АБЗ унаа жолунун 10,2-чакырымынан 11-чакырымына чейинки тилкесинде "муздак ресайклинг" жаңы технологиясы менен асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу 10-октябрдан 17-октябрга чейин оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.

Чектөө жолду сапаттуу оңдоо жана жаңы төшөлгөн жол катмарынын талаптагыдай калыптанышын камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.