Жээнбек Кулубаев ШКУ ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышат — Кабар

Жээнбек Кулубаев ШКУ ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышат

Саясат 14 июль 2025 14:38
Жээнбек Кулубаев ШКУ ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышат
copyright icon WWW

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Бүгүн Тяньцзинь шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жыйындын күн тартибине ШКУнун Тяньцзинь саммитине даярдыктарды талкуулоо кирет.

Ошондой эле катышуучулар уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жолдорун карашат.