Жээнбек Кулубаев: Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы

Саясат Загрузка... 15 Январь 2026 11:50
5.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Россияны стратегиялык өнөктөш жана союздаш катары эсептөөнү улантарын, ал эми мамлекеттер аралык реалдуу күн тартибине тиешеси жок айрым чагымчыл билдирүүлөр кошумча көңүл бурууга татыксыз экенин билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүү туруктуу негизде жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму, Шанхай кызматташтык уюму жана КМШ сыяктуу эл аралык жана аймактык бирикмелердин алкагында өнүгүүдө. Бул форматтар туруктуу саясий диалогду жана өз ара урматтоо, бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделген жамааттык коопсуздук жана аймактык туруктуулук маселелери боюнча практикалык кызматташтыкты камсыз кылат.

Кулубаев белгилегендей, Кыргызстан учурдагы кырдаалды объективдүү баалоого таянат. Ал кырдаал диалогдун өнүгүшү, кызматташуу механизмдеринин чыңдалышы жана мүмкүн болгон карама-каршылыктарга өбөлгөлөрдүн жоктугу менен мүнөздөлөт. Өлкөнүн тышкы саясаты тең салмактуу жана конструктивдүү бойдон калууда жана аймактагы ишенимди, туруктуулукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Министр Россиянын президент Владимир Путиндин 2025-жылдын ноябрь айындагы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер андан ары өнүгүү үчүн олуттуу келечекке ээ.

Ал Кыргызстан эл аралык жана аймактык өнөктөштөр менен ишенимди жана кызматташтыкты чыңдоо менен тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүүнү улантарын баса белгиледи.