Жээнбек Кулубаев Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар койду

Коом 1 июль 2026 18:20
735786531_1016074811127728_7203503921160590189_n.jpg
735799325_990661673597998_8145968275477846920_n.jpg
735859092_1346906547370790_4256130632972901855_n.jpg
735205524_1965751904120332_3331002875527203983_n.jpg
735210813_1752104655783156_918958908679422469_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ТИМ

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейин, ошондой эле Ататүрк жана Көз карандысыздык согушу музейин камтыган "Аныткабир" мемориалдык комплексине барды.

Ведомствонун маалыматына караганда, ал заманбап түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар коюп, анын элесин бир мүнөт унчукпай туруп эскерди.

Иш сапардын жүрүшүндө Кулубаев мемориалдык комплекстин Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.

Мындан тышкары, министр Түркиянын калыптануусунун негизги этаптарын жана Мустафа Кемал Ататүрктүн өмүр жолун чагылдырган музейдин экспозициясы менен таанышты.