Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын тышкы иштер министринин атайын өкүлү Ли Ук-хонду кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу актуалдуу маселелер, анын ичинде "Борбор Азия + Корея Республикасы" диалог платформасынын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышты.
Министр Жээнбек Кулубаев саясий диалогду жана практикалык кызматташтыкты андан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул контекстте ал президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын декабрь айында Корея Республикасына болгон сапарынан кийин биргелешкен долбоорлорду жана жетишилген келишимдерди ишке ашыруу эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө салым кошорун баса белгиледи.
Өз кезегинде атайын өкүл Ли Ук-хон корея тараптын өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда кыргыз-кореялык эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин тастыктады.
Тараптар ошондой эле келерки жылга карата биргелешкен тышкы саясий иш-чаралардын пландарын кеңири талкуулап, жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту.