Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Ведомстводон маалымдашкандай, анда Кыргызстан менен Казакстандын башчылары жана өкмөттөрүнүн деңгээлинде жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылуусу, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Министрлер жакынкы келечекте өтөрү пландалып жаткан эки тараптуу иш-чаралардын жана сапарлардын графигинe да токтолушту.