Жээнбек Кулубаев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту — Кабар

Жээнбек Кулубаев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту

Саясат 15 июль 2025 14:34
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу бүгүн Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында иран тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар 2025-жылдын 28-апрелинде Тегеранда өткөн Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 14-отурумунун жыйынтыгын канааттануу менен билдиришти.

Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы азыркы кырдаал боюнча пикир алмашты.