Жээнбек Кулубаев “Индия-Борбор Азия” диалогунун министрлер жыйынына катышат

Саясат Загрузка... 05 Июнь 2025 09:20
WhatsApp Image 2025-06-04 at 16.26.56.jpeg

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. 5-6-июнунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Индия-Борбор Азия” диалогунун 4-министрлер жыйынына катышуу үчүн Индияга барат.

Иш-чаранын алкагында региондун бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда “Индия – Борбор Азия” бизнес форуму өтөт.

Диалогдун министрлер сессиясында Индия менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын, атап айтканда, байланыш, аймактык коопсуздук, туруктуу өнүгүү жана технология маселелерин талкуулоо пландалууда.

Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын Индиянын тышкы иштер министри С.Жайшанкар менен, ошондой эле индиялык тараптын башка жогорку даражалуу өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.