Жээнбек Кулубаев ИКУ ТИМ башчылар кеңешинин сессиясында сөз сүйлөдү

Коом Загрузка... 23 Июнь 2025 09:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек 23.06.25 /Кабар/. 21-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин "Өзгөрүп жаткан дүйнөдө ИКУ" урааны астында өткөн 51-сессиясында сөз сүйлөдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан мусулман мамлекеттеринин экономикалык, социалдык, маданий, илимий жана башка тармактарда кызматташтыгын чыңдоого багытталган ИКУнун бардык фундаменталдык принциптерин жана максаттарын бекем карманарын белгиледи.

Ошондой эле Иран-Израиль жаңжалынын курчуп баратканына жана Газа тилкесинде болуп жаткан кайгылуу окуяларга байланыштуу, Кыргызстандын терең тынчсыздануусун билдирип, ал жаңжалдар аймактык коопсуздукка жана бүтүндөй эл аралык туруктуулукка өтө терс таасирин тийгизерин белгилдеди. Буга байланыштуу ал кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча биргелешкен күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жаңжалды тынчтык жана дипломатиялык жол менен гана чечүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагында бекем тынчтыкты орнотуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

Сессиянын катышуучуларына Кыргызстан чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн каражаты катары диалогду жактай турганын жана ар кандай чыр-чатак эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин, биринчи кезекте БУУнун уставынын негизинде сүйлөшүү үстүндө саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек экендигине бекем ишенээрин кайталады.

Соңунда Кыргызстан аймактык кызматташтыкты чыңдоого салым кошууга, кызматташуунун жаңы натыйжалуу форматтарын табууга жана ошол эле учурда эки тараптуу жана көп тараптуу форматта түрдүү глобалдык таасир борборлору менен активдүү өз ара аракеттенүүгө ниеттенип жаткандыгын баса белгиледи.