Жээнбек Кулубаев ИКУ ТИМ башчылар кеңешинин сессиясына катышат

Саясат Загрузка... 20 Июнь 2025 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 20.06.25./Кабар/. 20-22-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясына катышуу үчүн Стамбул шаарына менен барат.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууларда саясий кызматташтык, мусулман өлкөлөрүндөгү кагылышуулар жана жаңжалдан кийинки кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы учурдагы абал, исламофобия менен күрөшүү, мусулман азчылыктарынын абалы жана ИКУнун ишинин башка актуалдуу багыттары талкууланат.

Иш сапардын алкагында ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев ИКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде БУУ, ИКУ жана башка эл аралык аянтчалар алкагындагы өз ара кызматташтык маселелери каралат.