Жээнбек Кулубаев Германиянын тышкы иштер федералдык министри менен жолукту

Саясат Загрузка... 29 Сентябрь 2025 18:00
1.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын тышкы иштер федералдык министри Йоханн Вадефул менен иштиктүү жолугушуу өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу 26-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушууда тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле региондук коопсуздуктун негизги маселелерин талкуулашты. Герман тарап Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен бардык чек ара маселелерин чечкендигин кубаттап, бул кадам региондогу коопсуздукту чыңдоого чоң салым экенин белгиледи.

Өзгөчө көңүл саясий диалогду тереңдетүүгө жана жыл сайын өткөрүлүүчү консультациялардын, ошондой эле «БА + ФРГ» форматындагы кызматташтыктын алкагында эки тараптуу саясий байланыштарды кеңейтүүгө бурулду.

Тараптар экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын карашты, анын ичинде маанилүү минералдар, гидроэнергетика, айыл чарба, транспорт жана инфраструктура, ошондой эле туризм тармагы. Кыргыз тарап Германия компаниялары үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана жеке капиталды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар активдүү диалогду улантууга, өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана саясий, экономикалык, гуманитардык жана туристтик чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин тастыкташты. Тышкы саясий ведомстволордун башчылары өлкөлөр ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана ишенимди бекемдөө үчүн бири-бирин Германияга жана Кыргызстанга сапар менен чакырышты.