Кулубаев ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары менен жолугушту

Саясат Загрузка... 19 Май 2025 15:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Бишкек шаарына келген ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары (УАЖК) Кристоф Камп менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө болгон өз ара кызыгууну тастыктап, Кыргызстан менен УАЖК Кеңсесинин ортосундагы өнөктөштүктүн туруктуу мүнөзүнө көңүл бурушту.

Кыргыз Республикасы ЕККУ жана анын түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү тышкы саясаттын маанилүү багыттарынын бири катары карай тургандыгы, айрыкча демократияны, адам укуктарын жана улуттар аралык гармонияны бекемдөөгө басым жасала тургандыгы белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө улуттар аралык саясат жана улуттар аралык мамилелерди жөнгө салуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жээнбек Кулубаев Дин жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түзүлүшү, «Кыргыз жараны» концепциясынын ишке ашырылышы, көп тилдүү билим берүүгө колдоо көрсөтүлүшү жана этностук азчылыктардын өлкөнүн саясий жана коомдук турмушуна катышуусу тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда тараптар улуттар аралык ынтымакты чыңдоого, инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө жана ЕККУнун жалпы баалуулуктарын илгерилетүүгө багытталган диалогду жана биргелешкен иш-аракеттерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.