Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу министрдин Нью-Йорк шаарына болгон иш сапарынын алкагында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракеттерин колдоорун билдирди.
Министр Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү максаттарын карманганын ырастап, өлкөнүн тоолуу күн тартибин алдыга жылдыруу, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу негизги артыкчылыктары жөнүндө айтты. Буга байланыштуу ал бул маселелерди эл аралык аренада мындан ары илгерилетүү үчүн БУУга колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.
Мындан тышкары, министр БУУнун башкы катчысына Борбор Азияда болуп жаткан саясий трансформациялар, ошондой эле тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого багытталган региондогу мамлекеттердин биргелешкен аракеттери тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Тараптар ошондой эле БУУнун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн перспективаларын карап чыгып, азыркы шарттарда эл аралык мамилелерде туруктуулукту жана прогрессти камсыз кылуунун негизги шарты болуп саналган пикир келишпестиктерди жоюу үчүн конструктивдүү диалогду колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Ошондой эле Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында министр Кулубаевдин деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр тобунун жана Африка биримдигинин өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулары болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министр Кулубаев Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктары, Борбор Азия чөлкөмүндөгү процесстер менен тааныштырып, өлкөнүн эл аралык кызматташтык, туруктуу өнүгүү жана аймактык интеграция принциптерине берилгендигин баса белгиледи.
Тараптар глобалдык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.