Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын төрайымы Анналена Бербок менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу 26-сентябрда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагында орун алды
Жолугушууда Жээнбек Кулубаев Анналена Бербокту жогорку кызматка шайланышы менен жылуу куттуктап, төрагалык кылуу мезгилиндеги ишине ийгилик каалады. Ошондой эле ал “Жакшыраак жыйынтык үчүн бирге аракеттенели” аталышындагы сессиянын урааны - дүйнө коомчулугунун күч-аракетин бириктирүүгө чакырган жана шыктандырган демилге экенин белгиледи.
Министр өлкөнүн БУУнун 80-сессиясында көтөрүп чыккан негизги демилгелери жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берип, өзгөчө климат жана тоолор темасынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ушул өңүттө ал 2027-жылы өтө турган жогорку деңгээлдеги “Бишкек+25” эл аралык саммитине даярдыктар тууралуу маалымдап, төрайымды бул иш-чарага активдүү катышууга чакырды.
Жээнбек Кулубаев ошондой эле Кыргызстан дипломатиясындагы олуттуу жетишкендиктердин бири катары коңшу мамлекеттер менен көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү жыйынтыкталып, мамлекеттик чек аранын делимитациясы жана демаркациясы толук аяктаганын белгиледи. Ал бул кадамдар ишенимди бекемдөөгө, ынак коңшулук мамилелерди өрчүтүүгө жана Борбор Азияда туруктуу тынчтык менен экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөрүн айтты.
БУУнун бүтүндөй тутумун, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы катчысы Анналена Гутерриштин “БУУ-80” реформалоо демилгесин колдой турганын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара колдоо көрсөтүүнү макулдашып, эл аралык тынчтык, туруктуулук жана туруктуу өнүгүү үчүн конструктивдүү кызматташууну улантууга даяр экенин ырасташты.