Кулубаев “Борбордук Азия — Кытай” форматындагы ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышат — Кабар

Кулубаев “Борбордук Азия — Кытай” форматындагы ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышат

Саясат 25 апрель 2025 16:02
Кулубаев “Борбордук Азия — Кытай” форматындагы ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышат
copyright icon WWW

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Эртең, 26-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Борбордук Азия — Кытай” форматындагы тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусуна катышат. 

ТИМден билдиришкендей, иш-чара Алматы шаарында өтөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат.