Жээнбек Кулубаев Анголанын ТИМ башчысы Тете Антониу менен жолукту

Саясат Загрузка... 26 Сентябрь 2025 17:25
1.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 26.09.25./Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ангола Республикасынын тышкы иштер министри Тете Антониу менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында болуп өттү.

Тараптар саясий диалогду улантуу жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактар боюнча эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо ниеттерин билдиришти. Ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экенин белгилеп, Анголанын Африка Биримдигине төрагалык кылган мезгилинде аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган аракеттерин колдой турганын билдирди.