Жазгы талаа иштери. Кыргызстанда 562,1 миң гектар жерге эгин айдалды

Коом Загрузка... 23 Май 2025 16:05
WhatsApp Image 2025-05-23 at 15.09.48.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 562,1 миң гектар жерге эгин себүү жана айдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык бөлүмүнүн башчысы Турат Идрисов радиолордун бирине берген маегинде.

Анын айтымында, учурда пландын 80 пайыздан ашыгы аткарылды. Быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 31 миң гектарга көбүрөөк айдалды. Ошондой эле дан эгиндерине, жашылчаларга жана тоюттарга өзгөчө көңүл бурулууда.

"Дан эгиндерине токтоло турган болсок. Буудай бүгүнкү күндө 94 пайыз себилип, учурда тоолуу Суусамыр, Нарын өрөөндөрү калды. Арпа 85 пайыз, жүгөрү 85 пайыз себилип бүттү. Картошка да 65 пайыз эгилди.

Ошондой эле кант кызылчасынын жана май өсүмдүктөрүнүн аянттары көбөйтүлдү. Кант кызылчасы Чүй жана Талас облустарында жалпы 12,54 миң гектар жерге айдалып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,1 миң гектарга көп. Ал эми май өсүмдүктөрү 12,1 миң гектар жерге себилип, пландын 71,1 % аткарылды",-деди ал.

Идрисов белгилегендей, дыйкандар арзандатылган баада дизель майы менен толук камсыз болуп, 65 сомдон сатып алып жатышат.

“Эң негизгиси сугат суу өз убагында берилип жатат”,-деп кошумчалады адис.