Баткенде жазгы талаа иштери 70% аткарылды

Аймак 1294 02 Апрель 2026 11:00
657517859_1484155906411193_7542153332663009343_n.jpg
660387179_1484156106411173_224526936548725513_n.jpg
660098413_1484155939744523_4822131166761855120_n.jpg
660449328_1484155946411189_1016557100160010865_n.jpg
660427997_1484156149744502_1865328598866731214_n.jpg
659004384_1484156136411170_3406334678048163003_n.jpg
657549204_1484155993077851_4995870059262421571_n.jpg
657549204_1484156026411181_2289856408728427177_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Баткен облусунда жазгы талаа иштери 70%га аткарылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун аймагында жалпы айыл чарба багытындагы жер аянттары 33 миң 199 гектар болсо, анын ичинен жазгы кылкандуу дан эгиндери 14 миң 745 гектар аянтка себүү пландалып, анын ичинен бүгүнкү күнгө карата 11 913,9 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери себилип, 80,8 пайызга аткарылды.

Ошондой эле быйыл жалпы район боюнча 4725 гектар янтка күздүк кылкандуу дан эгиндери себилген.

Ал эми жалпы Баткен облусунда айыл чарба багытындагы 73 миң 761 гектар жер бар. Анын ичинен 36 миң 197 гектар сугат, 37 миң 474 гектар кайрак жерлер.

Быйыл жалпы 7 376 гектарга күздүк кылкандуу дан эгиндери себилген.

Ал эми жаздык кылкандуу дан эгиндерин себүү үчүн жалпы 19 840 гектар жер пландаштырылган: 8 199 гектар - буудай, 11 729 гектар - арпа.

Бүгүнкү күнгө карата 5 833 гектарга буудай, 7987 гектарга арпа, жалпы 13 820 гектарга себилип, иш дээрлик 70%га аткарылды.

Быйылкы жылга жалпы 46 133 гектар жер айдоо пландаштырылып, бүгүнкү күнгө 26 812 гектар жер айдалып, 58,1%га аткарылды.

Үрөн менен камсыздоо максатында облус аймагында 7 үрөн чарбалары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Облус боюнча жаздык кылкандуу дан эгиндерине керектелүүчү үрөн 3446 тоннаны түзөт. Анын ичинен 1462 тонна буудай, 1984 тонна арпа үрөнү. Бүгүнкү күнгө топтолгон үрөн 3327 тонна.