Дыйкандарга арпа, буудай, кант кызылчасын көп өстүрүү сунушталды

Коом Загрузка... 13 Март 2026 09:57
WhatsApp_Image_2026-02-10_at_14.39.57.width-800.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өндүрүмдөрүн өстүрүүгө өзгөчө басым жасоо сунушталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов билдирди.

Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу стратегиялык азыктардын сап башында турат. Ал эми малина, кулпунай жана жүгөрү кирешеси жогору өсүмдүктөрдүн катарын толуктайт.

Бул багытта дыйканчылык кылууга камданган жарандарга тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын колдонуу сунушталат. Үнөмдүү сугат ыкмаларын орнотуу үчүн дыйкандар мамлекет тарабынан төмөнкү үстөк пайыздар менен жеңилдетилген насыяларды ала алышат.

Ошондой эле соңку мезгилде өлкөдө мал-жандыктын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу арпа жана жүгөрү сыяктуу эгиндер да көбүрөөк эгиле баштаганы мониторингдин жүрүшүндө маалым болду.

“Дыйкандар түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн жазгы талаа жумуштарынын алдында топурактын анализин алып, тийиштүү минералдык, агроминералдык жер семирткичтерди берүүсү керек. Бирок жер семирткичтерди өз ченеминен ашырбай пайдалануу сунушталат”, — деди ал.

Мындан тышкары, министрлик дыйкандарга жер иштетүүдөн мурун үрөндүн тазалыгын аныктап, топурактын абалын алдын ала текшерип, экспертизадан өткөрүүнү сунуштайт. Ошого жараша кайсы өсүмдүктү эгүү максатка ылайыктуу экенин аныктап алуу зарыл.

"Түшүмдүүлүктүн жыйынтыгы мына ушул жагдайлардан көз каранды", — деди Туратбек Идрисов.