Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Республика боюнча жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз өз учурунда жүргүзүү үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу күйүүчү-майлоочу (солярка) каражаттар айдап-себүү өнөктүгү башталгандан тарта дыйкандарга базар наркынан арзан баада 65 сомдон берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, жазгы талаа иштерине планга ылайык, 5 999 680 литр солярка бөлүнсө, бүгүнкү күндө анын 4 724 800 берилди, дагы 1 274 880 литри кампаларда бар.
Облустар боюнча алсак:
Чүй облусу боюнча 506 130 литр солярка бөлүнгөн болсо, анын 383 100 литри берилди, 123 030 литри калган;
Жалал-Абад облусуна каралган 665 500 литр сольярканын 501 600 дыйкандарга берилсе, дагы 163 900 литри бар.
Ал эми Талас облусуна бөлүнгөн 319 200 литрдин 130600үн дыйкандар алып кеткен. Учурда 188 600 литри калган.
Ош облусуна бөлүнгөн 783 900дүн 626 200 литрин дыйкан-фермерлер алып кеткен. Учурда дагы 157 700 литри бар.
Баткен облусу үчүн каралган 325 900 литрдин бүгүнкү күндө 152 200сы сатылса, 173 700 литри турат.
Ысык-Көл облусу боюнча 1 739 400 литрдин 1 613 800ү өткөн, дагы 125 600 литри калган.
Нарын облусуна бериле турган 555 000 литрдин 421 200үн дыйкандар сатып алып кетишкен. Учурда 133 800 литри калган.
Азыркы тапта суроо-талапка ылайык, дыйкан-фермерлерге жерине чейин жеткирип берүү жагы дагы каралууда.