Жазгы айдап-себүү кампаниясы боюнча бир катар тапшырмалар берилди

Коом Загрузка... 26 Февраль 2025 10:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Жазгы айдап-себүү кампаниясы боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы астында өткөн жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү боюнча селектордук кеңешмеде айтылды.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, кеңешмеге президенттин облустардагы өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары - акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышты.

Аталган селектордук кеңешмеде жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктар боюнча, учурдагы көйгөлөр жана аны чечүү жолдору талкуланып, бир катар тапшырмалар берилди.

Алсак: 
- 2025-жылы жазгы айдап-себүү кампаниясын өз убагында, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча облустук жана райондук штабдарды түзүү;

- сугат суусун сарамжалдуу пайдалануу максатында жамгырлатып, тамчылатып сугарууну киргизүү, ошондой эле дыйкан-фермерлерди бириктирип, кооперативдерди түзүү менен пайдаланылбай жаткан айдоо аянттарын азайтууда донорлорду жана инвесторлорду тартуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;

- жазгы талаа жумуштарына керектелүүчү күйүүчү-майлоочу май, сапаттуу үрөн, жер семирткичтер, биологиялык жана химиялык дары-дармектер жана айыл чарба техникаларынын керектүү тетиктери менен камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик суу тармактары, гидротехникалык курулмаларды, насостук станцияларды, ички чарбалык каналдардын оңдоп-түзөө менен суугатка даярдоо боюнча чараларды көрүү.

Жыйындын соңунда жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүлүшү президенттин облустардагы өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке жоопту экендиги эскертилди.