Алайга Ысык-Көлдөн “пикассо” картошкасынын уругу алып келинди

Аймак Загрузка... 27 Март 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги

Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Ош облусунун Алай районуна Ысык-Көлдөн картошканын уругу алынын келинди. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, картошканын уругун жаңылоо жана анын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 25 миң кг 2-репродукциядагы "Пикассо" сортундагы картошка үрөнү алынып келинип, райондун дыйкандарына таркатылган. Бул иштер Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн. Ал эми картошка Ысык-Көл облусундагы "Султан Темир" үрөн өндүрүүчү кооперативине таандык.

Картошканын бул "Пикассо" сорту голландиялык тандоонун жаркын өкүлү болуп саналат. Голландияда өстүрүлгөн башка сорттор сыяктуу эле, ал жакшы даамы жана жогорку түшүмдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт.

Белгилей кетсек, көптөгөн багбандардын айтымында, "Пикассо" сорту ар кандай аба ырайынын шарттарына чыдамдуу келет деп айтылып келет.