Араванда пахта терүү өнөктүгү башталды

Аймак 25 сентябрь 2026 12:00
7065b8ec4b4b32ed1a4755eaa2d4.jpg.jpeg
1400__100_3911772278.jpg.jpeg
11-2.jpg.jpeg
wbkids_articles_editor-preview.jpg.jpeg
Алдыга
Артка
7065b8ec4b4b32ed1a4755eaa2d4.jpg.jpeg
1400__100_3911772278.jpg.jpeg
11-2.jpg.jpeg
wbkids_articles_editor-preview.jpg.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Араван районунда пахта терүү иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл райондо 1 миң 252 гектар аянтка пахта айдалып, дыйкандар гектарынан 60-70 центнерге чейин түшүм алууда.

Райондо негизинен кытайлык "Элита" сортундагы пахта өстүрүлөт. Пахта өндүрүүдө сууну үнөмдөөчү технологиялар, анын ичинде тамчылатып сугаруу системасы колдонулууда.

Түшүмдү жыйноодо пахта терүүчү комбайндар да пайдаланылып, бул кол менен терүүгө салыштырмалуу чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берүүдө.

Жыйналган пахта жергиликтүү пахта кабыл алуучу ишканаларга өткөрүлөт. Өндүрүлгөн пахта негизинен Кытай, Иран, Россия жана башка өлкөлөргө экспорттолот.

Пахтанын баасы дүйнөлүк биржадагы бааларга жараша аныкталат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга түшүм жыйноо мезгилинде консультациялык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүдө.