Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ош шаарында өтүп жаткан "Бизнестеги жашыл технологиялар" форумунун ачылыш аземине катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, анда министрдин орун басары жашыл технологияларды бизнес үчүн кошумча жүк катары эмес, чыгымдарды азайтууга, кирешелүүлүктү жогорулатууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана инвестиция тартууга өбөлгө түзгөн мүмкүнчүлүк катары кароо зарылдыгын белгиледи.
"Бүгүнкү панелдик талкуулардын жүрүшүндө агрардык продукцияны кайра иштетүү, энергетика, курулуш, логистика жана туризм тармактарын өнүктүрүү боюнча практикалык сунуштар иштелип чыгат деп ишенем", — деди Рысгүл Акимжанова.
Белгилей кетсек, "Бизнестеги жашыл технологиялар" форуму 23–24-сентябрь күндөрү Ош шаарында өтүүдө.