Жаздын камын кышта көр. Ысык-Атадагы суу каналдарынын абалы текшерилди

Аймак 24 Январь 2026 17:43
WhatsApp Image 2026-01-24 at 17.36.18.jpeg
618356300_122200841318341273_8527420552013234749_n.jpg
618311186_122200841288341273_2672148193346584977_n.jpg
619517165_122200840952341273_450646201564432631_n.jpg
WhatsApp Image 2026-01-24 at 17.36.19.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-24 at 17.36.18.jpeg
618356300_122200841318341273_8527420552013234749_n.jpg
618311186_122200841288341273_2672148193346584977_n.jpg
619517165_122200840952341273_450646201564432631_n.jpg
WhatsApp Image 2026-01-24 at 17.36.19.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.01.26. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Восточный Чоң Чүй каналынын, Р-24 сугаруу каналынын жана Туз бассейнинин учурдагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери менен жеринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, узундугу 97 чакырымды түзгөн Восточный Чоң Чүй каналы 41,5 миң гектар аянтты сугарууга жетет. Ал 1957-жылы пайдаланууга берилген.

Ал эми Р-24 каналы Жайылма айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашып, анын ичинен 1 350 метри бетондолгон, ал эми 5 075 метри жер канал болуп саналат. Канал аркылуу 1 100 миң гектар сугат жерлер суу менен камсыздалат.

2025-жылы каналдын 1 480 метри бетондолгон. Ал эми 2026-жылы узундугу 1 280 метр болгон тилкеде бетон төшөө иштери жүргүзүү пландалууда.

Туз бассейни декаддык сууну жөнгө салуу үчүн курулган жана 1987-жылы ишке берилген. Капиталдык оңдоодон кийин анын суу сактоо кубаттуулугу 1,8 млн м³ түзөт.

Маалымдалгандай, бассейнден сугат аянттарына кошумча суу төмөнкү аймактарга берилет:

- Жайылма айыл аймагы, Туз кыштагы – 1300 га сугат аянты

- Кант шаары, Люксембург кыштагы – 1100 га сугат аянты

Бул суу берүүлөр жергиликтүү дыйкандарга түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана айыл чарба ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.