Жаздын деми. Жомокко айланган Ош шаары

Аймак
copyright icon Кабар
Кабар редакциясы

Быйылкы жазда Ош шаары өзгөчө кулпурду. Касиеттүү Сулайман-Тоодогу өрүктөр гүлдөп, 3000 жылдык тарыхы бар байыркы шаарга жаздын өзгөчө көркү менен жагымдуу жыты келди. Гүлгө оролгон тоо менен жашылданган шаардын бул ажайып көрүнүшү ар бир адамга өзгөчө эргүү жана жагымдуу маанай тартуулайт.