Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Балыкчыда ири долбоорлор боюнча иштер аткарылууда. Шаарда жаңы автобекет, муниципалдык базар, балык базары, этнопарк жана башка имараттар салынууда. Ошондой эле заманбап экологиялык чечимдер жүзөгө ашырылууда. Бул тууралуу шаар мэри Баатырбек Жантаев билдирди.

Анын айтымында, шаардын кире беришинде жаңы автобекет курулууда. Имараттын жалпы аянты 1,5 миң чарчы метр, күтүү залы 50 кишиге ылайыкталган. Жол кире жана кызматтарга төлөнө турган каражат накталай түрдө кабыл алынат. Автобекеттин дагы бир өзгөчөлүгү жүргүнчүлөр үчүн 50 орундуу мейманкананын болушу, ошондой эле кызматкерлер үчүн 13 орундуу жатакана курулат. Имарат Италия жана Голландиядан алып келинген гүлдөр менен кооздолот, тамчылатып сугаруу системасы да орнотулат.

“Биз шаарды жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз”, - деди мэр.
Автобекеттин аймагы асфальтталат, ал эми мыйзамсыз дүкөндөр жана дөңгөлөк алмаштыруучу жайлар демонтаждалды.
Кире бериште шлагбаумдар орнотулат, анда алгачкы 15 мүнөт акысыз болот, андан ашканына акча каражаты төлөнөт.

“Мында адам факторуна жол берилбейт. Бардык каражаттар түздөн-түз жергиликтүү бюджетке түшөт, каражат накталай эмес түрдө төлөнөт”, - деп баса белгиледи Жантаев.
Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен шаардын экологиясына терс таасирин тийгизбеген 10 жаңы электробус алынып келди.
Жаңы автобекет заманбап стилде жасалууда жана бардык зарыл каражаттар менен жабдылып жатат. Мындан тышкары, автобекеттин артына мечит курулууда.

Ошондой 2 гектарды түзгөн жерге муниципалдык базар салынууда.
“Биз шаарды башаламан соода-сатыктан тазаладык. Шаардык муниципалдык базардын долбоорун иштеп чыгып, учурда курулуш иштери башталды”, - дейт шаар жетекчиси.
Жаңы базар эки кабаттуу эки блоктон турат, жер төлөгө кампалар жайгашат. Соода орундары сынактын негизинде ижарага берилет. Автоунаалар үчүн 200 орундуу унаа токтоочу жай пайда болот.
“Бул базар шаар бюджетине ири кирешени алып келе турган базарлардын бири болмокчу. 1 млрд сомго ишке ашырыла турган программанын алкагындагы объекттерди келерки жылдын жай мезгилине чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз”, - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, шаардын кире беришиндеги башаламан соода жүргүзүлгөн мурдагы базардын ордуна 1,1 гектарды түзгөн балык базарынын курулушу башталды.
“Азыр курулуш иштери жүрүп жатат. Жылдын бардык мезгилинде иштөөгө шарты бар 150 соода оруну болот. Бардык соодагерлер орундар менен камсыздалат. Жаңы базарда балык жана мөмө-жемиштер сатылат. Курулушту келерки жылы бүтүрүү пландалууда", - деди мэр.
Баатырбек Жантаев белгилегендей, 2026-2028-жылдарга долбоорлорду ишке ашыруунун графиги түзүлгөн.
“Бул жети долбоор аяктагандан кийин социалдык объекттерди курууга өтөбүз, 2-3 жылдын ичинде Балыкчы шаарын өлкөнүн эң мыкты жана өнүккөн шаарларынын катарына кошууга аракет кылабыз”, - дейт шаар жетекчиси.
Мэрдин айтымында, мындан он күн мурун Балыкчы шаарында 3,1 гектар аянтка этнопарктын курулушу башталган. Учурда пландоо иштери жүрүп жатат. Этнопаркта өлкөнүн жети облусунун символикасы жана кыргыз колорити чагылдырылат. Коноктор үчүн 500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай салынат. Курулушту келерки жылдын жаз айларында бүткөрүү пландалууда.
Эске салсак, Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнгөн. 12 багыт боюнча иш жүргүзүлүүдө. Таанышуу сапарынын жүрүшүндө президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен шаардын көрүнүшүн түп-тамырынан бери өзгөртө турган ири долбоорлор ишке ашырыла баштаганын баса белгиледи.