Быйыл аймактарда балатылар кандай жасалып, канча каражат кетти?

Коом Загрузка... 22 Декабрь 2025 16:55
1.webp
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Жаңы жылдын алдында Кыргызстандын шаарларында салтка айлангандай башкы майрамдык балатылар орнотулду. Бул жылы алардын бийиктиги, жасалгасы жана жумшалган каражаттын көлөмү менен айырмаланат. Өлкөнүн жети облусундагы жаңы жылдык символдор кандай болгонун айтып беребиз.

Бишкек шаары

15-декабрда Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысынын оту жандырылды. Учундагы жылдызы менен кошо 35 метрге жетет. 7 миңге жакын оюнчук жана жаңыланган жарык иллюминациялары колдонулган. Мэриядан билдиришкендей, аянтты жасалгалоо өнөктөштөр тарабынан каржыланган, ал эми балатыны жандыруу аземине жана жаңы жылдык программага шаардык бюджеттен 5 млн сом бөлүнгөн.

2

Манас шаары

Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын башкы балатысы "Азаттык" аянтына орнотулду. Майрамдык жасалгалоого шаардык бюджеттен 800 миң сом бөлүнгөн. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, каражат балатыны орнотууга, жасалгалоого жана шаардын борбордук көчөлөрүн кооздоого жумшалган.

WhatsApp Image 2025-12-19 at 20.40.22

Каракол шаары

Каракол шаарындагы балатынын бийиктиги 22 метрди түзөт. Аны жасалгалоого 234 миң сом жумшалган.

3

Нарын шаары

15-декабрда Нарын шаарында башкы балатынын оту жандырылды. Балатынын бийиктиги 12 метр, туурасы 4 метрди түзөт. Бул жылы балатыны кооздоо үчүн 47 миң сом сарпталган. Мэрия бул балаты жетинчи жыл катары менен колдонулуп жатканын, жыл сайын болгону жасалгасы гана өзгөртүлөрүн тактады.

4

Ош шаары

Ош шаарындагы башкы балатынын бийиктиги быйыл болжол менен 30 метрди түзөт. Мында быйылкы балаты өзгөчө дизайнда жасалгаланды. Жаңы жылдык балаты майрамы "Түндүк жарыгы" жарманкеси менен коштолууда. Борбордук аянт жомоктогудай кооздолуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн кооз фотолокациялар, даамдуу тамак-аштар жана эс алуучу жайлар уюштурулду.

1.webp

Талас шаары

Талас шаарынын борборундагы балатынын бийиктиги 24 метрди түзөт. Балатыны жана шаарды жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен 640 миң сом бөлүнгөн. Балаты өткөн жылы Талас шаарынын бюджетинин эсебинен сатып алынганы кабарланды.

6

Баткен шаары

Баткен шаарындагы башкы балатынын бийиктиги 20 метр. Балатыны жана аянтты майрамдык жасалгалоо үчүн быйыл 360 миң 500 сом сарпталды. Бул балаты үч жыл мурун жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатылып алынган.

7

Токмок шаары

Чүй облусунун Токмок шаарындагы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 32 метрге жетет. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жылы кошумча чыгымдар талап кылынган эмес. Өткөн жылдан сакталып калган оюнчуктар жана жасалгалар колдонулган.

8