Жаңы жылда Ош облусунда 1 миңден ашык милиция коопсуздукту камсыздайт

Аймак 29 Декабрь 2025 10:35
FB_IMG_1766982726696.jpg
FB_IMG_1766982715154.jpg
FB_IMG_1766982712418.jpg
FB_IMG_1766982731649.jpg
FB_IMG_1766982734254.jpg
FB_IMG_1766982718577.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1766982726696.jpg
FB_IMG_1766982715154.jpg
FB_IMG_1766982712418.jpg
FB_IMG_1766982731649.jpg
FB_IMG_1766982734254.jpg
FB_IMG_1766982718577.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Жаңы жыл майрамында Ош облусунда 1000ден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн Ош шаарында өткөн гарнизондук саптык кароо учурунда белгилүү болгонун президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Саптык кароонун жүрүшүндө кызматкерлердин кызматтык формалары, техникалык каражаттары жана майрам күндөрү аткарыла турган милдеттери текшерилди.

Ошондой эле коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Президенттин облустагы өкүлү Аманкан Кенжебаев майрам учурунда облустук милиция кызматкерлери аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын белгилеп, жарандарды мыйзамдарды сактоого жана коопсуздук чараларына көңүл бурууга чакырды.