Акыркы жылдары Кыргызстанда жол куруу тармагы динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Мамлекеттик бюджеттин колдоосу менен стратегиялык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо жана эл аралык коридорлорду өнүктүрүү боюнча ири долбоорлор ишке ашырылууда. 2025-жылы асфальт төшөлгөн жана жаңы салынган жолдордун жалпы узундугу 1200 чакырымды түздү. Бул жолдор эл аралык транзитти камсыздап, товар ташууга шарт түзүп, ошондой эле экономикалык өсүшкө, калктын кыймылын жеңилдетүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө чоң салымын кошууда.

Өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жол-транспорт тармагына казынадан каралган каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу жүзөгө ашырылууда. Быйыл бир катар ири жолдордун ачылышы өтүп, пайдаланууга берилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолунун жалпы узундугу 34 чакырымды түзɵт. Курулушу ушул жылы башталып, август айында толугу менен бүтүп колдонууга берилди. Заман талабына жооп берген жол толугу менен жарыктандырылып, калктуу конуштарда тротуар, аялдамалар курулду. Курулуш 4 айдын ичинде жыйынтыкталды.
Ош – Баткен – Раззаков автожолунун 47-75-чакырымында (28 км) асфальт басуу иштери толугу менен аяктады. Эки тилкелүү жолдун курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, бүгүнкү күндө унааларга каттам берилди.

Жеринде бардык иштер долбоордук талаптарга ылайык жүргүзүлүп, азыркы тапта тротуар, жол чырактары, жол белгилери жана жол чийиндери сыяктуу кошумча иштер аткарылууда.
Ошондой эле 2024-жылы Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 34+400-40+400-чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери аяктаган. Асфальт төшөө иштери менен катар 3 көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып колдонууга берилген.
Дүйнөлүк банк каржылаган Түп – Кеген унаа жолунун курулушу өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган.
Түп-Кеген унаа жолунун 39-чакырымдан 76-чакырымга чейинки аралыгы жана узундугу 13 чакырымды түзгөн Каркыра – Турук – Сары-Жаз автожолунун курулуш камтыган долбоор ушул жылы толук аяктап колдонууга берилди. Аталган долбоордун алкагында Сан-Таш тарыхый-мемориалдык комплексине баруучу 1 чакырым жолду куруу да каралган.

Түп – Кеген жолу III жана IV категориядагы 11,5 тонна жүккө ылайыкталган эки тилкелүү жаңы технология менен майдаланган мастикалуу асфальт-бетон төшөлмөсү менен курулуп жатат. Жалпы узундугу 53 чакырымды түзөт.
Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун 77,5-81,4-чакырым аралыгын, тагыраагы узундугу 3,9 чакырымды түзгөн тилкесин (Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү) реконструкциялоо иштери кызуу толугу менен аяктады.
Долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метрди түзүп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метр. Эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында алгач 9 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары, андан соң 6 см (ШМА) калыңдыктагы асфальттын жогорку катмары төшөлүү алдында турат.

Жол тармагы боюнча эксперт Кубанычбек Мамаевдин айтуусу боюнча жолдор жакшы болбосо экономиканын өнүгүшү кыйын жана муну өлкө жетекчилиги түшүнүп, ага биринчи кезекте жакшы көңүл бөлүүдө.
“Буга чейин аталган жолдордун жасалбай келишине каражаттын жетишсиздиги себеп болгон. Азыркы учурда жолдор бюджеттин эсебинен кудайга шүгүр оңдолууда. Бюджеттен каражат ашып, бөлүнүп жатса, демек экономика да өсүп жатат.
Андан сырткары трафик менен кыймылдын саны абдан көбөйүүдө. Мындан улам дагы мамлекет тобокел кылып, бардык милдетти өз мойнуна алып жасады. Тез аранын ичинде бүтүрүш керек эле бүтүрдү”,-деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34 миң чакырымды түзѳт. 2021-жылы өлкө аймагында 175, 2022-жылы 488, ал эми 2023-жылы 673, 2024-жылы 802 чакырым жолго асфальт төшөлүп жана жаңы салынган.
Ошондой эле акыркы жылдары алынган техникалардын саны артып, аймактарга бөлүнүп берилүүдө. Атап айтканда Жол фондунун эсебинен акыркы жылдары жалпы 750 атайын техника сатып алынган жана 2026-жылы дагы 484 атайын техника сатып алынуусу күтүлүүдө.