Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Жаңы берилген тез жардам унаасы өпкөнү жасалма желдетүүчү аппарат менен жабдылгандыктан, оор абалдагы бейтаптарды Каракол жана Бишкек шаарларына жеткирүүдө медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Түп райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчиси Канат Мукамбетов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, буга чейин борбордун карамагында 10 тез жардам унаасы болгон. Бирок алардын көпчүлүгү 2015-жылдан бери колдонулуп, эскилиги жеткендиктен, жолдо бузулуп калуу учурлары кездешчү.
“Жаңы тез жардам унаасы өпкөнү жасалма желдетүү аппараты менен жабдылганы бизди өзгөчө кубантты. Эми оор абалдагы бейтаптарды Түп – Каракол жана Түп – Бишкекке жеткирүүдө жакшы шарт түзүлөт. Жолдо бейтаптын абалын көзөмөлдөп, зарыл медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болот”, — деди ал.
Мукамбетов белгилегендей, Түп району өлкөдөгү алыскы тоолуу татаал шарттагы аймактардын бири. Райондо 35 айыл бар. Аларга 27 фельдшердик-акушердик пункт жана сегиз үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу кызмат көрсөтөт. Медициналык мекемелердин тейлөө аймагы 120 чакырымды түзөт.
Ал өзгөчө кыш мезгилинде жолдордун кар жаап жабылып калышы медициналык жардам көрсөтүүдө кошумча кыйынчылыктарды жаратарын белгиледи. Мындай шартта жаңы тез жардам унаасы алыскы айылдардын тургундары үчүн да маанилүү колдоо болорун айтты.
“Бүгүн районубузга бир тез жардам унаасынын берилиши бул чоң жардам. Буга чейин эски унаалар жолдо бузулуп, бейтаптарды жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралчу. Эми заманбап жабдуулары бар унаа менен оор бейтаптарды жеткирүүдө дарыгерлер да ишенимдүү иштей алышат”, — деп кошумчалады Мукамбетов.
Эскерте кетсек, бүгүн Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтта өлкө аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына 73 тез жардам унаасын тапшыруу аземи өттү. Жаңы унаалар калкка алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарына берилди.