Жаңы темир жол: Кытай менен товар жүгүртүүнү 30 млрд долларга жеткирет

Экономика Жүктөлүүдө... 29 Январь 2026 15:30
487065646_9541147872598470_5602774639912963882_n.jpg
WhatsApp Image 2026-01-29 at 10.08.07.jpeg
Алдыга
Артка
487065646_9541147872598470_5602774639912963882_n.jpg
WhatsApp Image 2026-01-29 at 10.08.07.jpeg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.01.28. /Кабар/. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу Кытай менен товар жүгүртүүнү 30 млрд долларга чейин жеткирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров “Беш жыл - жаңы доордун башаты” даректүү тасмасында билдирди.

Ал белгилегендей, коңшу мамлекет менен соода алакасын арттырууга мүмкүнчүлүктөр жогору.

“Бизди ааламга кошо турган, деңизге алып чыга турган бул – темир жол. Советтер союзунун убагында темир жол биздин өлкөгө келип токтогон. Мурда инвестициянын баары Россия, Европа аркылуу келип жатса, азыр мына бүт агымдын баары Азия менен келип жатат. Жаныбызда Кытай турат. Өзүңүздөр байкап жатасыздар, Кытай менен соода кылам деп бүт дүйнө жүзү жанталашып жатат. Ал эми биздин миң чакырым чек арабыз бар, анан болгону эки пунктубуз бар. Ошондуктан мына азыр “Бедел” өткөрүү пункту ачыла турган болсо, Кытай менен азыркы 15-20 млрд доллардын тегерегиндеги товар жүгүртүүбүз 20-30 млрд долларга чейин жогорулайт. Темир жол баштала турган болсо, бул көрсөткүч дагы да өсөт”, - деди ал.