Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү жакынкы убактарга чейин 20 млн доллардын тегерегинде болгон. Жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардан жана дипломатиялык диалогдун активдешүүсүнөн кийин Бишкек менен Исламабад соода жүгүртүүнүн көлөмүн 10 эсеге көбөйтүп, жылына 200 млн долларга жеткирүүнү максат кылышты.
Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргызстанга жасаган азыркы расмий сапары дал ушул максатка жетүү үчүн эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин кеңири талкуулоого багытталган. Президент Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүүлөрдү буга чейин жетишилген макулдашууларды бекемдөө жана аларды түздөн-түз ишке ашыруу баскычына өткөрүү катары баалоого болот.

Кыргызстандын лидери Шахбаз Шариф менен жолугушууда Бишкек менен Исламабаддын ортосунда саясий мүнөздөгү чечилбеген маселелер жок экенин белгиледи. Ушундан улам Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү жана артыкчылыктуу өнөктөш катары карайт.
"Акыркы жылдары Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалог өзгөчө активдүү жана ырааттуу мүнөзгө ээ болду. Мамилелерибиздин азыркы этабын жогорку деңгээлдеги саясий диалогдон практикалык өнөктөштүккө өтүү баскычы катары карайм", – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Учурда соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө географиялык тоскоолдуктар негизги көйгөйлөрдүн бири болуп турат. Кыргызстан менен Пакистанды Памир жана Каракорум тоо кыркаларынын татаал рельефи бөлүп турат. Логистика кымбат жана өтө ыңгайсыз: жүктү унаа менен ташуу үчүн бир нече мамлекеттик чек арадан өтүүгө туура келет жана буга эки жума же андан да көп убакыт талап кылынат. Бул өз кезегинде товар алмашууну кыйла татаалдаштырат.
Бирок Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун ишке кириши менен кырдаал өзгөрөт. Бул темир жол эки өлкөнү бири-бирине жакындатып, жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн бир нече күнгө чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, башка транспорттук каттамдар да каралып жатат. Пакистандын премьер-министри бул багытта кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

"Пакистан Кыргызстанга жолдорду жана портторду ачуу боюнча өзүнүн демилгелерин сунуштады. Мен бул багытта биргелешип иш алып барып, аталган демилгелерди ишке ашырышыбыз керек деп эсептейм. Бул бизге Кытай жана Өзбекстан аркылуу жаңы каттамдарды ачууга жардам берет. Буга чейин Кыргызстандан Пакистанга жөнөтүлгөн жүк ийгиликтүү жетти. Бул багыттагы ишти улантып, жаралып жаткан маселелерди чечишибиз керек", – деди Шахбаз Шариф.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык, энергетикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү боюнча ишти улантуунун зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле коопсуздук, саламаттык сактоо, илим, билим берүү, виртуалдык активдер жана электрондук соода сыяктуу тармактарды камтыган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлду.
Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору Шумкарбек Адилбек уулу "Кабар" агенттигине берген маегинде эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарына токтолду.

"Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда сооданы өнүктүрүү үчүн азырынча толук пайдаланылбаган олуттуу мүмкүнчүлүк бар. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь-июнь айларында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү болжол менен 6,6 млн долларды түзгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын Пакистанга экспорту эки эсеге көбөйүп, 1,24 млн долларга жеткен. Бул мындан ары жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө жана Кыргызстандын экспортун, биринчи кезекте, агроөнөр жай комплексинин, тамак-аш жана жеңил өнөр жай продукциялары, ошондой эле халал стандарттарына жооп берген товарлардын эсебинен диверсификациялоого мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтөт", - деди ал.
Ошондой эле эксперт сооданын өсүшүнүн негизги факторлорунун бири Кытай аркылуу Карачи портуна чыгуучу транспорттук каттамды өнүктүрүү болушу мүмкүн экенин белгиледи. Деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстан үчүн мындай коридор Түштүк Азиянын рынокторуна жана эл аралык деңиз каттамдарына чыгууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"Пилоттук жүк ташуулардан үзгүлтүксүз каттамга өтүү, ошол эле учурда логистикалык чыгымдарды азайтуу жана транзиттик жана бажылык жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү маанилүү. Мындан тышкары, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн түз байланыштарын өнүктүрүү да маанилүү. B2B жолугушууларды, тармактык бизнес-миссияларды, биргелешкен көргөзмөлөрдү жана ишкерлердин жолугушууларын өткөрүү зарыл. Ошондой эле Пакистандын рыногунда суроо-талапка ээ болушу мүмкүн болгон кыргызстандык товарлардын, анын ичинде сүт азыктары, бал, кургатылган мөмө-жемиштер, жаңгак, буурчак өсүмдүктөрү жана кондитердик азыктардын конкреттүү тизмеси менен иш алып баруу керек. Дал ушул логистиканы жакшыртуу, бизнес өкүлдөрүнүн түз байланышын кеңейтүү жана экспорттук продукцияны максаттуу илгерилетүү өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүдө практикалык натыйжа бере алат", – деди Шумкарбек Адилбек уулу.
Кыргызстандын Азербайжандагы жана Грузиядагы мурдагы элчиси, Шанхай саясий илимдер жана укук университетинин штаттан тышкаркы профессору Кайрат Осмоналиев Кыргызстан менен Пакистандын лидерлери буга чейин кабыл алган саясий чечимдер эми конкреттүү иш-аракеттерге айланып жатканын белгиледи.

"Бүгүн бизде саясий демилге конкреттүү транспорттук жактан ырасталган сейрек кездешүүчү жагдай түзүлдү. 2026-жылдын апрель айында Кыргызстандан жөнөтүлгөн биринчи жүк Кытай аркылуу ийгиликтүү өтүп, Хунжераб ашуусу аркылуу Пакистанга кирди. Кыргызстандын Транспорт министрлиги Бишкек – Торугарт – Кашкар – Хунжераб – Исламабад – Карачи багытындагы, узундугу болжол менен 3 миң 300 чакырымды түзгөн каттам аркылуу жүргөн", - деди ал.
Осмоналиевдин айтымында, демек азыр маселе Кыргызстан Пакистанга жете алабы дегенде эмес. Эми бул каттамды үзгүлтүксүз, экономикалык жактан атаандаштыкка жөндөмдүү жана институционалдык жактан туруктуу коридорго айландыра алабызбы деген суроо турат. Бул жерде Пакистан тараптын ишти улантуу зарылдыгы тууралуу позициясына толугу менен кошулам.
"Кыргызстандын транспорттук багыттарын диверсификациялоо мүмкүнчүлүгү пайда болууда. Шарттуу түрдө бир нече негизги багытты түзүүгө болот:
Батыш багыты: Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Каспий деңизи – Азербайжан – Түркия – Европа;
Чыгыш багыты: Кыргызстан – Кытай;
Түштүк багыты: Кыргызстан – Кытай – Пакистан (Карачи).
Келечекте бул багыттарды бири-бири менен байланыштыра алабыз. Дал ушул акыркы милдет эң маанилүү", – деп белгиледи Кайрат Осмоналиев.

Эксперттердин пикиринде, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык байланыштар өз ара сооданы мындан ары көбөйтүү үчүн реалдуу негиз түзүүдө. Жылына 200 млн долларлык товар жүгүртүү боюнча коюлган максат акыркы чек эмес. Эки өлкөнүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү мындан кыйла кеңири жана азыр дипломатиялык деңгээлде бул потенциалды ишке ашыруу процесси жаңыдан башталууда.