Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда курулуп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун объекттеринде туннелдердеги иштердин жүрүшүн жана ичиндеги абалды онлайн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген мониторинг системасы иштейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине №1 "Урумбаш" туннелинин объектисине жооптуу Юй Ян билдирди.
Анын айтымында, туннелге кирер алдында ар бир кызматкер каттоодон өтөт. Бул объекттин ичинде канча адам бар экенин так аныктоого жана алардын кайсы жерде жүргөнүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

"Бул үчүн жумушчулардын коргоочу каскаларына GPS түзүлүштөрү орнотулган. Алардын жардамы менен адистер кызматкерлердин туннелдин ичиндеги жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде көрүп, кыймылын көзөмөлдөй алышат", - деди ал.
Анын белгилешинче, жумушчулардын коопсуздугун атайын коопсуздук инженерлери көзөмөлдөйт. Алардын бири Кытай тараптан, экинчиси Кыргызстандан дайындалган. Инженерлер кезектешип иштеп, компьютер аркылуу туннелдин ичиндеги абалды, андагы кызматкерлердин санын жана жайгашкан жерин көзөмөлдөп турушат.
Мындан тышкары, кызматкерлерге коопсуздук техникасы боюнча үзгүлтүксүз нускама берилип, окуулар өткөрүлөт.

Юй Ян кошумчалагандай, туннелдин ичинде ыкчам байланыш үчүн телефондор да орнотулган. Зарыл учурда кызматкерлер өзгөчө кырдаал тууралуу маалымат бере алышат. Ошондой эле авариялык абал жаралган учурда атайын баскыч каралган. Аны басканда сигнал туннелге берилип, кызматкерлерге кырдаал тууралуу эскертүү жөнөтүлөт.