Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылына 275 орундуу жаңы мектеп курулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мектептин жалпы аянты 1246 чарчы метр, эки кабаттан турат.
Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлдү. Эми жаңы окуу жылында эки мөөнөт менен 600гө жакын окуучу билим алат.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, наркы 98 млн сомду түздү.