Жаңы окуу жылына даярдык: Бишкектеги муниципалдык спорт залдары текшерилди

Коом Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 10:25
748597844_1044652125172627_3920905708534755436_n.jpg
748419073_1273762384677677_5549501585571330707_n.jpg
750439592_959692093754177_8957559291791700047_n.jpg
747923997_1346466837574920_4447443825410197182_n.jpg
746716021_1726339462033143_5036594496406568828_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Рахат Мусаева Ленин районунда жайгашкан муниципалдык спорттук базаларды жана мекемелерди кыдырып текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө объектилердин техникалык жана санитардык абалына, айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине, жаңы окуу жылына карата спорттук инфраструктуранын даярдыгына, ошондой эле мекемелердин спорттук инвентарлар, машыктыруучу жана медициналык жабдуулар менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында мекеме жетекчилерине объектилердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, санитардык абалды талаптагыдай камсыз кылуу жана аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, жаңы окуу жылына даярдыктын алкагында бардык мекемелерге объектилерди пайдаланууга 100 пайыз даяр абалга келтирүү, кабыл алуу жол-жоболорун өз убагында өткөрүү жана тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматтардан даярдык актыларын алуу милдеттендирилди.