Борбор Азия дүйнөнүн экономикалык күн тартибиндеги ордун ишенимдүү бекемдөөдө. Глобалдык климаттын өзгөрүүсү, геосаясий чакырыктар жана жаңы соода жолдоруна болгон муктаждык инвесторлорду Евразиянын чок ортосундагы регионго алып келүүдө. Өз кезегинде биздин чөлкөмдүн өлкөлөрү чыгыш менен батыш ортосундагы географиялык ыңгайлуу жайгашуусун, баалуу жаратылыш ресурстарын, ишке жарамдуу калкын жана бош соода рыногун туура пайдалануу аракетинде.
Бүгүнкү күнү Борбор Азия өзүнүн тарыхый макамына кайрадан ээ болууда десе болот. Регион Улуу Жибек жолунун борборунда жайгашып, Европа менен Азияны жана Жакынкы Чыгышты байланыштырып келгени маалым. Акыркы он жылдыктагы геосаясий, ага улай келген дүйнөлүк экономикалык өзгөрүүлөр Азиянын борборун кайрадан жандандырды.
Бүгүнкү күнү Борбор Азия бардык тарабынан жагымдуу:
- Чыгыш менен батышты кургактыктагы соода транзити жана логистика менен камсыздай алат;
- Жаңы технологиялар, "жашыл" энергетика, электромобилдер, микросхемалар үчүн керектелүүчү литий, жез, кобальт жана башка сейрек кездешүүчү металлдар бар;
- Суу, газ, нефть, уран баштаган табигый ресурстарга бай;
- 80 миллиондук калкы жана активдүү керектөөчү рыногу бар;
- Борбор Азия өлкөлөрү инвесторлор үчүн салыктык жеңилдиктерди берип, алардын коопсуз иштөөсү үчүн мыйзамдарды өзгөртүштү.
Натыйжада чөлкөмдө эл аралык маанидеги стратегиялык долбоорлор ишке ашырыла баштады. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы 500 миллиард доллардан ашып, экономикасы туруктуу өнүгүүнү көрсөттү. Эксперттер 2026-жылы бул көрсөткүч 600 миллиард доллардан аша турганын божомолдошууда. Региондогу экономикалык өсүш боюнча лидер бир нече жылдан бери Кыргызстан экени маалым.
Борбор Азияда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жаткан негизги багыттар:
- Кыргызстанда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Ал аркылуу Азиядан Европа менен Жакынкы Чыгышка кыска жол ачылат.
- Казакстанда Транскаспий эл аралык транспорт жолу курулууда. Ал Кытайдан Казакстандын талаалары аркылуу, Каспий деңизин паром менен кесип өтүп, Азербайжан, Грузия, Түркия аркылуу Европага жетет.
- Өзбекстанда аймактын биринчи атомдук электр станциясынын курулушу башталып, жаңы технологиялык өнөр жайдын пайдубалы түптөлүүдө.
- Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргеликте инвесторлордун акчасына Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатышат.
- Бишкек (Жогорку технологиялар паркы), Астана (Astana Hub), Ташкент (IT-Парк) салык жеңилдиктерин берүү менен дүйнө компанияларына чакырык таштоодо. Мисалы, Кыргызстанда бул тармак жаратман деп эсептелип, 5 жылдык салык каникулу жарыяланды.
- Борбор Азия чийки заттан кайра иштетүүгө өтүп, ири кайра иштетүүчү өндүрүштөр түзүлүүдө.
Өз кезегинде чет элдик ири инвесторлор да жергиликтүү талаптарга баш ийүүсү керек. Борбор Азия өлкөлөрү өз кызыкчылыктарын илгерилетүү жана пайда алып келүүчү инвесторлорду тандоо үчүн бир муштумга биригип, дипломатиялык ишмердигин "С5+1" форматында алып барууда. Акыркы жылдары "Борбор Азия + Кытай", "Борбор Азия + АКШ", "Борбор Азия + Европа биримдиги" сымал ири саммиттер өттү.
Ошондой эле Борбор Азия глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн таасиринде калып жаткан тоолуу регион катары инвестицияларды тартууда экологиялык шарттарды, тоо калкынын туруктуу өнүгүү зарылчылыгын жана "жашыл" экономика талаптарын эске алууда. Бул максатта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023–2027-жылдар БУУда "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыяланып, аны ишке ашыруу Жол картасына Борбор Азия өлкөлөрүндө аткарыла турган иштер да киргизилген. Ал эми Казакстанда Регионалдык экологиялык саммит өтүп, чөлкөмдүн өлкөлөрү дүйнөлүк каржы мекемелери менен сүйлөшүүгө шарт түзүлдү. Дүйнөлүк банктын өкүлү Валери Хикки учурда Борбор Азия климаттык милдеттенмелерди ишке ашыруу боюнча да дүйнөлүк лидерлердин бири экенин белгилеген.
"Борбор Азия энергетикага, сууга жана жаратылышка салынган инвестиция мүмкүнчүлүктөрүнүн күн тартиби экенин көрсөтүп келе жатат. Аймактагы өлкөлөр көйгөйлөрдү жөн эле талкуулабастан, аларды кантип чечүү жана конкреттүү чараларды ишке ашыруу керектигин түшүнүп жатышат. Борбор Азия жашоого жөндөмдүү планетаны куруу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланган мамлекеттердин коалициясы болуп калды", — деди Дүйнөлүк банктын өкүлү Валери Хикки.
Ал эми Ташкент эл аралык инвестициялык форум өткөрүүдө. Ал дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан рыноктордун бирине кирүүгө умтулган глобалдык инвесторлор үчүн Борбордук Азиядагы алдыңкы платформа болуп саналат.

"Бул жөн гана жакшы жарнаманын жыйынтыгы эмес. Борбор Азия бүгүн дүйнөлүк экономиканын жаңы өсүү чекиттеринин бири болуп калды. Аймактын стратегиялык жайгашуусу, транзиттик мүмкүнчүлүктөрү, энергетикалык ресурстары жана жаш калкы инвесторлорду кызыктырууда. Дүйнөдө жеткирүү чынжырлары өзгөрүп жаткан шартта Борбор Азиянын мааниси мурдагыдан да өстү.
Инвесторлор үчүн эң негизгиси туруктуулук, так эрежелер жана мамлекеттин өз милдеттенмелерин аткаруусу. Бул багытта Кыргызстандын көрсөткүчтөрү акыркы жылдары кыйла жакшырды. Акыркы беш жылда өлкөнүн ички дүң продукциясы дээрлик үч эсеге өсүп, болжол менен 8,3 миллиард доллардан 22,6 миллиард долларга жетти. Өсүш өнөр жайда, курулушта, кызмат көрсөтүүдө жана бюджеттик кирешелерде да байкалууда.
Албетте, бул жетишкендиктердин артында президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлгөн реформалар, ири инфраструктуралык долбоорлор жана мамлекеттик башкарууда тартипти күчөтүү боюнча иштер да бар. Ошондуктан бүгүн биз жөн гана потенциал жөнүндө эмес, конкреттүү жыйынтыктар жөнүндө сөз кылып жатабыз. Кыргызстандын экономикасы акыркы жылдары чыныгы илбирс секиригин жасады десек жаңылышпайбыз. Эми негизги милдет ушул өсүштү туруктуу сактап, сапаттуу инвестициялар аркылуу элдин жашоо деңгээлин дагы жогорулатуу", — деди Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев.