Кыргызстан менен Британия санкция маселелери боюнча диалогду улантат

Экономика 24 сентябрь 2026 11:50
Кыргызстан менен Британия санкция маселелери боюнча диалогду улантат
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Нью-Йоркко болгон сапарынын алкагында Улуу Британиянын тышкы иштер министри Эд Милибэнд менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда кыргыз-британ соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары жана өз ара кызыкчылык жараткан башка маселелер талкууланды.

Тараптар биргелешкен иште жетишилген жылыштарды жана кызматташтыктын оң динамикасын, анын ичинде санкцияларга байланыштуу маселелер боюнча да белгилешти. Ошондой эле келип чыккан маселелерди өз убагында карап чыгып, эки тарапка тең алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашты.

Бакыт Сыдыков Кыргызстандын Улуу Британия менен ачык жана предметтүү диалогду улантууга, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана эки тарапка тең пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдиришти.