Улуу Британияда эң ири супермаркет тармактарынын бири банкрот болду

Дүйнө
Улуу Британияда эң ири супермаркет тармактарынын бири банкрот болду
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Улуу Британиянын эң ири супермаркет тармактарынын бири болгон Poundland банкрот болду. Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, 12 миң жумушчу ишсиз калуу коркунучунда турат.

Тармактын америкалык ээси Gordon Brothers Улуу Британиядагы эң арзан дүкөндөр түйүнүн сактап кала алган жок.

Агенттиктин отчетунда Poundland дүкөндөр түйүнүнүн кыйрашы керектөөчүлөрдүн ишениминин алсыздыгы, чыгымдын көптүгү жана онлайн чекене сатуучулардын өсүшү менен күрөшүп жаткан британдык соодагерлерге дагы бир сокку экени белгиленет.

Чекене соода кызматкерлеринин профсоюзу банкротту Рождество майрамынын алдындагы "коркунучтуу жаңылык" деп атады.

Gordon Brothers Poundland тармагын өткөн жылы сатып алган. Дароо эле 149 дүкөндүн жабылышын жана болжол менен 2200 жумушчу орундун жоголушун шарттаган ири реструктуризацияны баштаган. Учурда бул тармак Улуу Британия жана Ирландия боюнча 600гө жакын дүкөндү иштетет.