Кыргызстанда жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнес үчүн бирдей шарттар түзүлдү

Экономика
Кыргызстанда жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнес үчүн бирдей шарттар түзүлдү
copyright icon Кабар

Бишкек, 27.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда ата мекендик жана чет өлкөлүк бизнес үчүн бирдей шарттар жана колдоо чаралары түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн "Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес — ачык диалог" форумунун алкагында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков билдирди.

Анын айтымында, ишкерлердин инвестициялык активдүүлүгү жана биргелешкен долбоорлордун саны жана чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү кыйла өсүүдө. Анын ичинде Россия менен биргелешкен ишканалардын саны да көбөйүп жатат.

"Чет өлкөлүк капиталдын катышуусундагы долбоорлордун саны өсүүдө. Биргелешкен ишканалардын саны боюнча да оң динамиканы көрүп жатабыз. Бул өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр ачык экенин жана ишканалардын, ишке ашырылып жаткан долбоорлордун санын бир нече эсеге көбөйтүүгө болорун дагы бир жолу далилдейт", - деди Артём Новиков.

Ал жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлорго бизнестин кайсы өлкөгө таандык экенине карабастан бирдей колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. Колдоо инструменттеринин катарына жеңилдетилген каржылоо, анын ичинде кредиттик каражаттар, ошондой эле долбоорлорго 10 млн доллардан кем эмес инвестиция салган учурда инвестициялык келишим түзүү мүмкүнчүлүгү кирет.

"Ошентип, өлкөдө ишкердик жүргүзүү үчүн бирдей шарттар түзүлүп, жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнести коргоо жана коопсуздугун камсыздоо механизмдери да иштеп жатат", - деди фонддун жетекчиси.