Кыргызстанда негизги капиталга инвестиция салуунун көлөмү өсүүдө. Мында ички булактар, анын ичинде калктын каражаты маанилүү роль ойнойт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы негизги капиталга салынган инвестициялардын жалпы көлөмү 374,6 млрд сомду түзгөн. 2024-жылы бул көрсөткүч 274,3 млрд сом болгон. Ал эми калктын каражаттары жана резиденттердин кайрымдуулук жардамы 91,4 млрд сомду түзүп, жалпы көлөмдүн дээрлик төрттөн бирине жеткен.
Ал эми мындан беш жыл мурда бул көрсөткүч кыйла төмөн болгон. Улуттук статистика комитети "Кабар" агенттигине билдиргендей, 2021-жылы калктын каражаттары жана резиденттердин кайрымдуулук жардамы 44 млрд сомду, 2022-жылы – 41,1 млрд, 2023-жылы – 57,1 млрд, 2024-жылы – 76 млрд сомду түзгөн. 2025-жылы бул сумма 91,4 млрд сомго жеткен.
Демек, 2021-жылдан 2025-жылга чейин бул категориядагы каражаттын көлөмү эки эседен ашык өскөн. Ошол эле учурда Улуттук статистика комитетинин бул көрсөткүчүнө калктын каражаттары менен катар резиденттердин кайрымдуулук жардамы да кирерин эске алуу керек. Ошондуктан аны жарандардын жеке инвестицияларынын жалпы көлөмүнө түздөн-түз теңөөгө болбойт.
Ошентсе да статистика жалпы тенденцияны көрсөтөт: калктын каражаттары негизги капиталга инвестиция салуунун булактарынын арасында олуттуу орунду ээлейт.
Кыргызстанда инвестициялар кайда жумшалууда?
Жалпысынан негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 2021-жылдагы 122,8 млрд сомдон 2025-жылы 374,6 млрд сомго чейин өскөн. Бул аралыкта өзгөчө ички инвестициялардын көлөмү көбөйүп, 91 млрд сомдон 295,7 млрд сомго жеткен. Ошол эле учурда тышкы инвестициялар да өсүп, 2021-жылдагы 31,8 млрд сомдон 2025-жылы 78,9 млрд сомду түзгөн.

Тармактар боюнча караганда, 2025-жылы инвестициялардын эң ири көлөмү төмөнкүлөргө багытталган:
- транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагына – 65,5 млрд сом;
- пайдалуу кендерди казууга – 29,4 млрд сом;
- энергетикага – 22 млрд сом;
- кайра иштетүү өнөр жайына – 19,2 млрд сом;
- суу менен камсыздоого, калдыктарды тазалоо жана иштетүүгө – 13,2 млрд сом;
- айыл, токой чарбасы жана балык уулоо тармагына 6,6 млрд сом;
- соода тармагындагы инвестициялар 4,1 млрд сом;
- мейманкана жана ресторандарга – 5,7 млрд сом;
- маалымат жана байланыш тармагына – 5,4 млрд сом;
- кыймылсыз мүлк менен операцияларга 823,5 млн сом.
Бул көрсөткүчтөр негизги капиталга салынган инвестицияларды мүнөздөйт жана аталган суммаларды жарандар гана салганын билдирбейт. Анткени инвестициялардын курамына ар кандай каржылоо булактары кирет.
Ошондуктан "кыргызстандыктар акчасын кайда жумшайт?" деген суроого бир гана тармактык статистиканын негизинде так жооп берүү мүмкүн эмес. Бул үчүн каржылоо булактарын өзүнчө карап, статистикалык маалыматтарды эксперттердин баасы жана ишкерлердин тажрыйбасы менен толуктоо зарыл.
Калктын каражаты инвестициянын маанилүү булагына айланууда
2025-жылы калктын каражаттары жана резиденттердин кайрымдуулук жардамы 91,4 млрд сомду түзгөн. Салыштыруу үчүн, ишканалардын жана уюмдардын каражаттары 77,3 млрд сомду, банктардын насыялары 25,3 млрд сомду түзгөн. Мындан тышкары, 90,3 млрд сом республикалык бюджеттин каражаттарына туура келген.
Ошол эле учурда каржылоо булактарынын түзүмү өзгөрүп жатат. 2021-жылы калктын каражаттары жана резиденттердин кайрымдуулук жардамы негизги капиталга салынган бардык инвестициялардын болжол менен 36 пайызын түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 28 пайызга, 2025-жылы 24 пайызга чейин төмөндөгөн.
Башкача айтканда, бул категориядагы каражаттын көлөмү абсолюттук мааниде өсүп жатат. Бирок муну менен катар инвестицияларды каржылоонун башка булактары да кыйла көбөйүүдө.
Жаран үчүн инвестиция статистикадагы көрсөткүчтөн таптакыр башкача көрүнүшү мүмкүн. Мисалы, бул жай сатып алуу, бизнес үчүн жабдуу алуу, объект куруу, иштеп жаткан ишкананы кеңейтүү же транспорт жана логистика тармагына каражат салуу болушу мүмкүн.
Соода жана импорт: акча жүгүртүүнүн тездеши, бирок күчөгөн атаандаштык
"Кабар" агенттигине ишкер Максат Марлис уулу билдиргендей, 2021-жылдан тарта, өзгөчө 2022-жылдын аягынан бери Кытайдан Кыргызстан аркылуу Россияга унаа жеткирүүнүн көлөмү өскөн. Ошол эле учурда Кыргызстандагы кытай унааларына, анын ичинде электромобилдерге болгон ички суроо-талап да көбөйгөн.

"Адамдар кытайлык автоунаа өндүрүүчүлөрүнө ишене баштады, машиналардын сапатына жана аларды пайдаланууга болоруна ынанды. Кыргызстанда азыр электромобилдерге суроо-талап күчтүү", – деди ишкер.
Анын айтымында, бул бизнестеги киреше бир нече факторго – бажы чыгымдарына, логистикага, валюта курсуна жана суроо-талапка байланыштуу.
Ошол эле учурда рыноктун өсүшү менен атаандаштык да күчөдү. Ишкердин баамында, бир нече жылдын ичинде бул багытта иштеген ишкерлердин саны болжол менен 100-150 адамдан 1 миңге чейин көбөйгөн. Натыйжада бизнестин маржасы төмөндөп жатат.
"Кыргызстанда атаандаштык күчөдү. Ошого жараша маржа да, рентабелдүүлүк да төмөндөп жатат", – деди ишкер.
Ошондуктан ал мурда алып келген автоунааларга керектүү автоунаа тетиктерин сатуу багытын да кошумча өнүктүрө баштаган.
Эмне үчүн ишкерлер сооданы тандашат?
Ишкер Марлис уулу Максаттын пикиринде, соода жана импорттун популярдуулугунун себептеринин бири – Кытай рыногунун жеткиликтүүлүгү. Ишкерлерге Кытайга барып, өндүрүүчүлөрдү жана жеткирүүчүлөрдү издеп, товар алып келүү жеңилдеди.
Ошол эле учурда Кыргызстанда өндүрүш тармагы да өнүгүп жатат. Анын айтымында, өлкөгө Кытайдан инвесторлор келип, өндүрүш ишканалары жана цехтер ачылууда.
Бирок соода бизнести тезирээк баштап, акчанын айланышын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми өндүрүшкө баштапкы этапта көбүрөөк каражат, жабдуу, чийки зат жана туруктуу сатуу рыногу талап кылынат.

Бул жерде жүгүртүү менен кирешенин айырмасы маанилүү. Товардын көп сатылышы эле ишкердин кирешеси жогору экенин билдирбейт.
Эксперт: бизнестин популярдуулугу анын кирешелүүлүгүн билдирбейт
Экономист, бизнес пландаштыруу жана инвестициялык талдоо боюнча эксперт Искендер Шаршеев "Кабар" агенттигине билдиргендей, жарандар арасында инвестиция салуунун кеңири тараган багыттары катары кыймылсыз мүлк, соода жана чакан бизнестин салттуу түрлөрү – дүкөндөр, коомдук тамактануу жайлары жана тиричилик кызматтары эсептелет.
Ошол эле учурда ал расмий статистика жарандардын жеке топтогон каражаттарын так кайсы багыттарга көбүрөөк жумшап жатканын аныктоого мүмкүндүк бербей турганын белгилейт. Себеби инвестициялардын көрсөткүчтөрүнө ишканалардын, мамлекеттин жана чет өлкөлүк инвесторлордун каражаттары да кирет.
Эксперттин айтымында, кыймылсыз мүлктүн калк үчүн инвестиция катары жагымдуулугу, биринчи кезекте, мындай салымдын түшүнүктүүлүгү менен байланыштуу. Адам белгилүү бир мүлктү сатып алып, аны ижарага берүүнү же кийинчерээк сатууну көздөйт.
Бирок эксперт инвестициянын чыныгы кирешелүүлүгүн эсептөө зарылдыгына көңүл бурат. Инвестиция үчүн кыймылсыз мүлк сатып алууда оңдоп-түзөөгө жана тейлөөгө кеткен чыгымдарды, мүлктүн бош туруп калган мезгилин, салыктарды жана объектти тез сатуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарыл.
"Үй-бүлө үчүн батир сатып алуу менен киреше алуу максатында батир сатып алуунун максаты эки башка. Инвестор батирди ижарага берүүдөн түшө турган кирешени оңдоп-түзөөгө, тейлөөгө кеткен чыгымдарды жана батир бош турган мезгилдерди эсепке алуу менен эсептеши керек. Ошондой эле объектти канчалык тез сатууга болорун да эске алуу зарыл", – деп белгилейт Шаршеев.
Анын айтымында, соода тармагы салыштырмалуу аз капитал менен баштап, акча жүгүртүүнү тезирээк камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бергени менен кызыктырат. Бирок каражат товардык запастарга байланып, узак убакытка чейин айланбай калышы мүмкүн.
Кызмат көрсөтүү тармагында көп нерсе кызматкерлердин квалификациясына, жайгашкан жерине жана туруктуу кардарлардын болушуна байланыштуу. Айыл чарбасында болсо өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы, өзгөчө жер тилкеси, чарбасы жана тажрыйбасы бар адамдар үчүн түшүнүктүүрөөк багыт бойдон калууда.
Кайсы багыттардын келечеги кең болушу мүмкүн?
Жакынкы жылдары инвесторлор үчүн кызыктуу болушу мүмкүн болгон багыттар тууралуу айтып жатып, Шаршеев айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, логистика, өндүрүштүн айрым түрлөрү, туризм жана экспортко багытталган IT-кызматтарды белгилейт.

Анын пикиринде, агрардык тармакта чийки зат өндүрүү менен гана чектелбестен, андан кийинки бардык этаптар – жыйноо, муздатуу, сактоо, сорттоо, таңгактоо жана кайра иштетүү да кызыгууну жаратышы мүмкүн.
"Мисалы, муздаткыч кампалар жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар бир эле учурда бир нече чарбага кызмат көрсөтө алат. Бирок жабдууларды сатып алардан мурда чийки зат жетиштүү болобу, даяр продукцияны ким сатып алат жана ал кандай баада сатылат деген суроолорду тактап алуу зарыл. Логистика тармагында кампаларды, жеткирүү кызматтарын, продукцияны белгиленген температуралык шартта сактоону жана интернет-дүкөндөргө кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар багыттар катары айтар элем", - дейт эксперт.
Шаршеев белгилегендей, ал эми өндүрүш тармагында болсо тамак-аш азыктарын, таңгактарды, эмеректерди жана айрым курулуш материалдарын чыгаруу багыттары болушу мүмкүн.
Ошол эле учурда эксперт белгилегендей, кайсы бир тармактын келечектүү болушу конкреттүү ишкананын сөзсүз киреше алып келерине кепилдик бербейт. Инвестиция салуудан мурда буйрутмалардын бар-жогун, продукциянын өздүк наркын, атаандаштыкты жана туруктуу сапатты камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн текшерүү зарыл.
IT-бизнес ички рыноктун чегинен чыгып жатат
Өзүнчө багыт катары IT тармагын белгилөөгө болот. Анын өзгөчөлүгү – компания Кыргызстанда иштеп, кызматтарын чет өлкөлөргө сата алат.
Жогорку технологиялар паркынын маалыматына ылайык, анын резиденттеринин 2025-жылдагы кирешеси 17,1 млрд сомго жетип, бир жылда 50% өскөн. Экспорттун көлөмү 16,3 млрд сомду же жалпы кирешенин 95,3%ын түзгөн. 2025-жылдын аягында паркта 463 резидент компания болуп, алар 3 миңге жакын жумуш ордун түзгөн.
Бул көрсөткүчтөр Жогорку технологиялар паркынын резиденттерине гана тиешелүү жана өлкөдөгү IT тармагынын жалпы абалын мүнөздөбөйт. Ошентсе да алар технологиялык компаниялар үчүн ички рынок кирешенин жалгыз булагы эмес экенин көрсөтөт.
Шаршеевдин пикиринде, IT тармагына инвестиция салууда өзгөчө мамиле керек. Технологиялык долбоор үчүн команданын курамы, даярдалган продукт жана аны кардарларга сата алуу жөндөмү абдан маанилүү.

Сооданын өсүшү логистикага да суроо-талапты күчөтүүдө
Кытайдан унаа жана тетиктерди алып келүү менен алектенген ишкер Максат Марлис уулу да логистика жана кампа инфраструктурасын келечектүү багыттардын бири деп эсептейт.
Анын пикиринде, Кытай, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн ортосундагы сооданын өнүгүшү кампаларга, жүк ташуучу унааларга жана ага байланышкан кызматтарга болгон суроо-талапты көбөйтүүдө.
"Кампаларды курууга, кампаларга инвестиция салууга, кандайдыр бир кампа жайларын ачууга, логистикага, жүк ташуучу унааларга каражат жумшоого болот. Соодага да, өндүрүшкө да инвестиция салууга мүмкүнчүлүк бар", – деп белгилейт ишкер.
Ошол эле учурда транспорт тармагына инвестициялар кыйла өскөн. 2025-жылы бул тармактын негизги капиталына 65,5 млрд сом багытталган. Бул ар бир кампа же жүк ташуучу унаа автоматтык түрдө киреше алып келет дегенди билдирбейт. Бирок инвестициялардын өсүшү бул багыттагы экономикалык активдүүлүктүн кеңейип жатканын көрсөтөт.
Өндүрүшкө көбүрөөк убакыт талап кылынат, бирок кошумча нарк жаратышы мүмкүн
Дагы бир багыт – өндүрүш. 2025-жылы кайра иштетүү өнөр жайынын негизги капиталына салынган инвестициялар 19,2 млрд сомду түзгөн. Соода моделинен айырмаланып, өндүрүш баштапкы этапта олуттуу чыгымдарды талап кылат. Ага жай, жабдуулар, чийки зат, электр энергиясы, адистер жана жолго коюлган сатуу системасы керек. Бирок өндүрүш бизнесинин дагы бир артыкчылыгы бар – кошумча наркы жогору продукцияларды чыгарууга жана бара-бара тышкы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ошондуктан Шаршеев белгилегендей, жабдууларга инвестиция салуудан мурда ишкер бир нече суроого жооп бериши керек: продукцияны ким сатып алат, чийки зат жетиштүүбү, аны кандай баада өндүрүүгө болот жана ишкана импорттук товарлар менен атаандаша алабы?
Кыймылсыз мүлккө инвестиция салуу боюнча эмне айтууга болот?
Кыймылсыз мүлк жарандар арасында популярдуу болгонуна карабастан, негизги капиталга инвестициялар боюнча статистика дал ушул тармак калктын каражаты салынган негизги багыт экенин тастыктабайт.
2025-жылы "кыймылсыз мүлк менен операциялар" ишмердиги боюнча негизги капиталга салынган инвестициялар 823,5 млн сомду түзгөн. Бирок бул көрсөткүч жарандардын турак жай жана коммерциялык кыймылсыз мүлк менен байланышкан бардык бүтүмдөрүн камтыбайт. Ошондуктан аны кыймылсыз мүлк рыногунун жалпы көлөмүн баалоо үчүн колдонууга болбойт.
Мисалы, экинчи рыноктон даяр батир сатып алуу негизги капиталга инвестиция катары статистикада эсептелген формада такыр катталбашы мүмкүн.
Ошондуктан "кыргызстандыктар көбүнчө батирге инвестиция салат" деп негизги капиталга салынган инвестициялардын статистикасына гана таянып айтууга болбойт.
Бизнестин чындап кирешелүү экенин кантип аныктоого болот?
Эксперттин пикиринде, жаңы ишкерлер кетирген негизги каталардын бири – бизнестин популярдуулугуна же айтылган кирешелүүлүккө таянып, эсеп-кысапты текшербөө.
Адам кафеде кардарлардын кезегин же кайсы бир товарга болгон суроо-талаптын өсүп жатканын көрүп, ушуга окшош каалаган бизнес сөзсүз киреше алып келет деп ойлошу мүмкүн. Бирок бир эле тармакта иштеген эки ишкананын ижара акысы, карызы, продукциянын өздүк наркы жана башкаруу сапаты таптакыр башка болушу мүмкүн.
Инвестиция салуудан мурда кардар ким экенин, ал эмнеге акча төлөп жатканын, канчалык тез-тез сатып аларын жана эмне үчүн дал ушул бизнести тандай турганын аныктоо зарыл.
Эксперттин айтымында, иштеп жаткан ишканада сатууларды, банктык түшүүлөрдү, чыгымдарды, карыздарды жана келишимдерди текшерүү керек. Ал эми жаңы долбоордо суроо-талапты адегенде чакан көлөмдө ишке киргизип текшерүү же биринчи акы төлөнгөн буйрутмаларды алуу туура.
Мындан тышкары, эсепке баштапкы инвестициялар гана эмес, ижара акысы, эмгек акы, салыктар, жеткирүү, жарнама, оңдоп-түзөө, товардан болгон жоготуулар жана күнүмдүк чыгымдар да киргизилиши керек.
Өзүн актоо мөөнөтү – жалгыз көрсөткүч эмес
Мисалы, бизнеске 1 млн сом салынса, бардык чыгымдар төлөнгөндөн кийин жыл сайын 200 миң сом калса, жөнөкөй эсеп боюнча инвестициянын өзүн актоо мөөнөтү беш жылды түзөт. Бирок мындай эсеп кирешенин ушул деңгээли сакталган учурда гана иштейт. Эгер сатуулар азайса, чийки зат кымбаттаса же кошумча инвестиция талап кылынса, өзүн актоо мөөнөтү узарат.
Ошондуктан инвестор алдын ала бир нече сценарийди – базалык, оптимисттик жана жагымсыз варианттарды эсептеп чыгышы керек. Ошондой эле чыгымсыз иштөө чекитин, башкача айтканда, түшкөн киреше бардык чыгымдарды жаба турган сатуунун көлөмүн аныктоо зарыл. Мындан тышкары, инвестор эмнеге ээ болорун так түшүнүшү керек: компаниядагы үлүшкөбү, объектке болгон менчик укугубу же насыяны кайтарып алуу талабынабы. Кирешени бөлүштүрүүнүн жана долбоордон чыгуу шарттары келишимде так көрсөтүлүшү керек.
Ишкерлер кандай тобокелдиктерге туш болушат?
Кытайдан унаа алып келүү менен алектенген ишкер негизги тобокелдиктердин бири катары ишенимсиз жеткирүүчүлөрдү атады. Кытайдагы айрым өнөктөштөр ири партияларды жеткирүүдө келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарбай койгон учурлар кездешет. Дагы бир тобокелдик – логистика. Унаалар жолдо бузулуп, жол кырсыгына кабылып же ташуу учурунда кармалып калышы мүмкүн.
"Жалпысынан соода тармагында валюта курсунун өзгөрүшү олуттуу тобокелдик бойдон калууда. Импорттоочу ишкер товарды бир валютага сатып алып, башка рынокто сатат. Ошондуктан ал валюта курсунун, логистиканын жана бажы чыгымдарынын өзгөрүшүнө көз каранды", - деди ал.
Дагы бир фактор – атаандаштык. Эгер рыноктогу катышуучулардын саны суроо-талапка караганда тез өссө, ишкерлер маржаны төмөндөтүүгө аргасыз болушат.
Анда бүгүн кайсы бизнес кирешелүү?
Бул суроого статистика бир жактуу жооп бере албайт. Статистика инвестициялардын көлөмүн, тармактардын динамикасын жана каржылоо булактарын көрсөтөт, бирок конкреттүү бизнестин кирешелүүлүгүн аныктабайт.
Ошол эле учурда маалыматтар экономикалык активдүүлүк жана инвестициялар өсүп жаткан багыттарды көрүүгө мүмкүндүк берет. 2025-жылы транспорт жана жүктөрдү сактоо, кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика жана инфраструктура тармактарына салынган инвестициялар өзгөчө байкалды.
Ишкерлердин тажрыйбасы соодага жана импортко, анын ичинде Кытайдан келген товарлар менен унааларга кызыгуу жогору экенин көрсөтөт. Бирок ошол эле учурда атаандаштык да күчөп, айрым багыттарда маржа төмөндөп жатат.
Эксперт келечеги болушу мүмкүн болгон багыттардын катарына айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү, логистиканы, өндүрүштү, туризмди жана экспортко багытталган IT-кызматтарды кошот. Бирок ал тармактын келечектүү болушу конкреттүү долбоордун сөзсүз киреше алып келерине кепилдик бербей турганын белгилейт.
Демек, акчасын инвестициялоону каалаган адам үчүн негизги суроо азыр кайсы бизнес популярдуу экенинде гана эмес, так эмнеден киреше таба турганында, кардары ким экенинде, ошол кардарды тартуу канча тура турганында, кандай чыгымдар талап кылынарында жана салынган каражат канча убакытта кайтарыларында турат.
Кыргызстандыктар экономикага олуттуу каражат салып жатышат. Улуттук статистика комитети эсепке алган калктын каражаттары жана резиденттердин кайрымдуулук жардамынын көлөмү гана 2025-жылы 91,4 млрд сомго жеткен. Бирок экономиканын түзүмү салттуу соода жана кыймылсыз мүлк менен катар логистика, өндүрүш, энергетика жана экспорттук кызматтардын ролу да өсүп жатканын көрсөтөт.
Жыйынтыгында бизнестин кирешелүүлүгүн анын кайсы тармакка тиешелүү экени эмес, конкреттүү бизнес-модели, суроо-талап, чыгымдар, атаандаштык, башкаруу жана рыноктогу өзгөрүүлөргө ыңгайлаша алуу жөндөмү аныктайт.