Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Ош облусунда миграциядан кайтып келген айрым үй-бүлөлөр "Социалдык контракт" программасынын алкагында колдоо алып, жеке ишкерлик менен алектене баштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Алмаз Имангазиев иш сапары учурунда кайтып келген үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттары, муктаждыктары жана коомго ыңгайлашуусу менен таанышты. Ошондой эле аларды жумушка орноштуруу жана социалдык колдоо маселелерин талкуулады.
Министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө үй-бүлөлөр көтөргөн маселелерди карап чыгып, зарыл жардам көрсөтүү тапшырылды.