Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр үчүн "Салык кеңеш" маалыматтык системасын жана жасалма интеллекттин негизинде иштеген AiSalyk чат-ботун ишке киргизди.
Ведомствонун маалыматына караганда, "Салык кеңеш" салык мыйзамдары жаатындагы ченемдик-укуктук маалыматтарды бирдиктүү базага топтосо, AiSalyk салык төлөөчүлөргө салык мыйзамдарын колдонуу боюнча маалыматтарды 24/7 режиминде алууга мүмкүнчүлүк берет.
"Чат-бот Салык кодексинин жана башка ченемдик документтердин жоболорун түшүнүүгө жардам берип, колдонуучуларга кийинки аракеттери боюнча багыт берет", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жаңы сервистер салыктык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, документтерди издөөгө кеткен убакытты кыскартууга жана салык төлөөчүлөргө маалымат берүүнүн ыңгайлуулугун арттырууга багытталган.